• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С.Жээнбеков: Алгачкы кадамды райондор менен айылдардын калкын иш менен камсыздоо программасын иштеп чыгуудан баштайм

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Эгер элим колдоп, президент болуп калсам, алгачкы кадамымды райондор менен айылдардын калкын иш менен камсыздоо программасын иштеп чыгуудан баштайм, деп билдирди Кыргызстандын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Кочкор районунун шайлоочулары менен болгон жолугушуу учурунда. Анын сөзүнө караганда, эл таза ичүүчү сууга, бала бакчаларга, мектептерге, спортзалдарга, сапаттуу жолдорго, айыл чарбасы үчүн жеткиликтүү насыяларга муктаж.

“Мен жетектеген Өкмөт айыл чарбасынын кара иштетүүчү тармагына берилген насыялардын үстөгүн 6 пайызга төмөндөтүүгө жетишти. Ал эми мамлекеттик турак-жайга берилчү насыянын үстөгү 14 пайыздан 10 пайызга чейин азайтылды, аларды кийинчерээк дагы 2 пайызга – 8% чейин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү да бар. Келечекте ушундай шарттардагы ипотекалык насыялар бюджет чөйрөсүндө иштегендер – мугалимдер, дарыгерлер үчүн эле эмес, турак-жайга муктаж каалаган башка жарандарыбызга да берилмекчи. Биз бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иштерибизди да улантабыз. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди С. Жээнбеков. Анын сөзүнө караганда, 2016- жылы салык кирешелери 11 млрд сомго көбөйгөн. Быйыл бюджеттин чыгаша бөлүгү 151 млрд сомду түздү.

“Уурдабасак, элдин ырыскысына кол салбасак, ак иштесек эле бюджет көбөйөт”, - деди С.Жээнбеков.

Ал өзү жетектеген өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алгандыгын белгиледи. “Биз жер-жерлердеги 20 таяныч шаарды өнүктүрүүдөн баштайлы деп жатабыз. Ошондо айылды шаарга теӊейбиз, жаңы иш орундары ачылат, сырткы жана ички миграция кескин азаят”, - деп белгиледи С.Жээнбеков. Андан тышкары, Ирригация боюнча мамлекеттик программа да кабыл алынган. Ага ылайык, 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш оруну жаралат.

“Эксперттердин изилдөөсү боюнча, бизде калктын 30 пайызын жеринде иш менен камсыз кылуу толук мүмкүн. Кайсы жерде болбосун ишкерлик жасаса болот”, - деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий