• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр арасында сынак жарыяланат

Маданият 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр арасында сынак жарыяланат (айтуучулук, аспапчылык, аваздык аспапчылык багыттары боюнча). Иш-чара 25-апрель - Салттуу музыка күнүнө карата уюштурулууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына караганда, кароо-сынакка 15 жаштан 30 жашка чейинки өнөр адамдары катыша алат. Сынакты аталган министрлик Кыргыздын салттуу музыка фонду менен биргеликте уюштуруп жатат.

Сынактын 1-туру райондордо, 2-туру облустарда өтүп, 3-туру Бишкек шаарында 2020-жылдын 20-25-апрелинде Салттуу музыка жумалыгында жыйынтыкталат.

25-апрель салттуу музыка күнүнө карата өтүүчү республикалык кароо-сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багыттары боюнча профессионал музыканттар арасында ар эки жылда өтөт. 2020-жылдын 20-25-апрель күндөрү Салттуу музыка жумалыгынын алкагында өтүүчү кароо сынакка 15 жаштан 30 жашка чейинки салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү катыша алышат. Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча: дастанчылар (кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды аткаруучулар), санатчылар (санат, насыят, терме, арноо, казалдарды аткаруучулар); аспапчылык багыты боюнча: комуз, кыл кыяк, темир комуз жана жыгач ооз комуз, чоор, сыбызгы аспаптарында чыгармаларды аткаруучулар; аваздык-аспапчылык багыты боюнча ырчылар (ашыктык, арман ырларды, улуттук аспаптын коштоосунда элдик жана автордук, гармонь жана аккордеондун коштоосунда обончулардын чыгармаларын аткаруучулар) катыша алышат.

Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун: айтуучулук, аспапчылык, аваздык-аспачылык багыттары боюнча республикалык кароо-сынактын I туру райондук, II туру облустук деңгээлде өтөт. Мөөнөтү 2020-жылдын 10-февралынан 20-мартка чейин. Облустан тандалган жеңүүчүлөр республикалык, башкача айтканда III турга жолдомо алышып, 20-апрель «Дастан» күнү, 21-апрель «Күү күнү», 23-апрель «Ыр күнүндө» Бишкек шаарында өтүүчү концерт-сынакта өнөр таймашына катыша алышат.

Кароо-сынактын максаты - салттуу музыкалык искусствонун “устат-шакирт” өнөрканасын сактоо, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр арасындагы жаңы ысымдарды табуу, аткаруучулардан чыгармалардын нукуралуулугунун сакталышын талап кылуу менен аткаруучулуктун жоопкерчилигин арттыруу жана салттуу музыкалык искусство боюнча эл аралык сынактарга катышууга татыктуу музыканттарды таануу максатын көздөйт.

Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий