• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы күн карама майын мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 32 тонна салмактагы күн карама майын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек - автожолу" өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан жалпы наркы 1,5 млн сомдон ашкан 32 тонна күн карама майын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Документтерди текшерүү учурунда 1,2 млн сом суммасындагы 9900 кг салмакта айырмачылыктар аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жүк менен автоунаа мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий