• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сербиядагы президенттик шайлоодо Александр Вучич көп добуш алды

Дүйнө 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Сербияда 3-апрелде өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн азыркы мамлекет башчысы Александр Вучич алдыда келе жатат.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Вучич шайлоочулардын 68%, Здравко Поноша 11% жана Бранка Стаменкович 4,5% добушуна ээ болду. Жалпысынан президенттик шайлоодо сегиз талапкер ат салышты.

Ушул эле күнү өткөн парламенттик шайлоодо Вучичтин Серб прогрессивдүү партиясы көп добуш алганы кабарланууда. Акыркы маалыматтар боюнча ага шайлоочулардын 50% көбү добуш берди.

Серепчилер шайлоодон кийин Вучичтин алдында эки маселе турганын билдирүүдө – Косово менен мамилени жөнгө салуу (Белград Косовонун көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны Сербиянын бир бөлүгү деп эсептейт) жана Орусияга каршы санкцияларды киргизүү боюнча чечим кабыл алуу. Сербия Украинадагы согушка байланыштуу Москвага санкция киргизүү тууралуу чечим кабыл ала элек Европа биримдигиндеги жалгыз өлкө бойдон калууда.

Евробиримдиктин жетекчилиги Вучичти Европанын жалпы позициясына кошуулууга көндүрүүгө аракет кылып келет.

Пикир

Оставить комментарий