• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Соцөнүктүрүү министрлиги: Зомбулукка кабылган 15 жаштагы кыз апасы менен бирге

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Токмок шаарындагы өгөй атасы тарабынан 15 жаштагы кызга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндүгү тууралуу ММКда таркатылган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылдын 29-декабрында өспүрүм кыз Республикалык психикалык ден соолук борборунан чыккандыгын маалымдайт.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кызды аталган борбордон чыгаргандан кийин социалдык кызматкерлер өгөй атасынын энесине тапшыргандыгы тууралуу үстүбүздөгү жылдын 5-январында адвокат Ш. Абдыкапаров билдирген, бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Жашы жете элек өспүрүм өз каалоосу менен жана энесинин макулдугу боюнча кыз убактылуу үй-бүлө тибиндеги үйгө жайгаштырылган. Бирок 2020-жылдын 4-январында кыз өз үйүнө, апасына кеткиси келгендигин билдирген.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 43-беренесине ылайык, 10 жаш куракка толгон балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого (асырап алууга), камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу алардын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

Жашы жетпеген өспүрүмдүн биологиялык энесине кайтуу тууралуу каалоосун эске алып, ошондой эле энеси кызына өзү тарбия берүүсү боюнча билдирүүсүнүн негизинде, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы баланы апасы менен бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бүгүнкү күндө кыз өз үй-бүлөсүндө, үй-бүлө социалдык жана медициналык коштоодо. Ошондой эле Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тергөө иш-чараларында баланын кызыкчылыгын коргоодо.

Кыздын айтымында, жашы жетпен өспүрүмдүн учурдагы абалына жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусу, ошондой эле башка адамдардын активдүү кийлигишүүсү анын психологиялык абалын бузуп жаткандыгы белгиленди.

Ушуга байланыштуу, министрлик жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамиле көрсөтүү боюнча материалдарды чагылдырууда, айрыкча сексуалдык зомбулукка кабылган жашы жетпегендер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана башка адамдардан баланын жана анын үй-бүлөсүнүн психологиялык абалын, ошондой эле келечекте баланын өнүгүшү жана интеграциясы үчүн терс кесепеттерин эске алууну өтүнөт.

Бүгүнкү күндө Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө бул факт боюнча тергөө иш чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий