• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Спутник V” вакцинасынын 1 млн дозасын алуу боюнча келишим түзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 1 млн дозасын алуу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Саламаттык сактоо министри россиялык “Спутник V” вакцинасынын 1 млн дозасын алуу боюнча келишим түзүлгөнүн жана жакын аралыкта 30 миң дозасы келерин айтты.

“Биринчи күнү менин юристтим менен орун басарым Россияга барып келишим түзгөн. Өкмөт бизге 214 млн сом берди. Азырынча 1 же 2 млн доза алып, жарандарыбызды эмдеп алсак, анда калкыбыздын 70 пайызында иммунитети болот”, - дейт ал.

Бейшеналиев өлкө аймагында коронавируска кабылгандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

“Өзүм “кызыл зонага” кирип бейтаптардан сурасам, алар: “кайрадан оорубайт экенбиз деп ойлогонбуз” деген. Быйылкы ооруп жаткандар катуу ооруп жатат. Кайра карантин киргизе албайбыз, экономикабыз аны көтөрө албайт. Бирок өлкөдө эмдөө жүрүп жатат, учурда 5 миң адам вакцина алды. Алардын бирөөсүнүн дагы абалы курчуп кеткен жок”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий