• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркия тарапка кыргызстандыктардын бекер дарылануусуна берилген квотаны көбөйтүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, "Кыргызстан-Түркия" Улуу Улуттук Жыйынынын парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Сабри Өзтүрк менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири маселелери, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пландар, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара мамилелешүү маселелери талкууланды.

Элчи Казакбаев Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттык сактоо жана медицина илимдери жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну мүмкүн болушунча эртерээк жандандыруу зарылдыгын белгиледи жана берилген квотаны жылына 500 адамга чейин жогорулатууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн эки тараптуу Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун эртерээк түзүүнүн маанилүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашырууга алмаштыруу ою талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданий-гуманитардык чөйрөдө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде Түркияда Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрүн уюштуруу боюнча макулдашуулар кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий