• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Таласта соцкамсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирет.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан башкармалыкта 2020-2021-жылдар аралыгында мыйзамдардын аткарылышы боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган башкармалыктын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн” жооптуу кызмат адамдары тарабынан акы төлөнүүчү коомдук иштер боюнча фиктивдүү адамдарды көрсөтүү менен айлык акыларын алуу үчүн 2022-жылдын январь айынан тартып, 2022-жылдын август айына чейинки аралыкта ведомостторго ж.б. документтерге жалган маалыматтарды көрсөтүү менен кол тамгаларды жасалмалап, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке олуттуу зыян келтиргендиги аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий