• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстан эрте бышкан айыл чарба азыктарын Кыргызстан аркылуу Казакстан менен Россияга экспорттоого кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын премьер-министринин орун басары, эки тараптуу маселелерди ар тараптуу кароо жана Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын тажик бөлүгүнүн төрагасы Давлатшох Гулмахмадзода менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда Казакбаев маектешине өлкөдө болуп жаткан ички саясий процесстер жөнүндө кыскача маалымат берип, Тажик тарабына Кыргызстан өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин толук аткаруу жана буга чейин кол коюлган бардык келишимдерди жана макулдашууларды так аткаруу позициясын карманарын билдирген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун эң маанилүү аспекттери, анын ичинде эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Казакбаев эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын кийинки 17-жыйынын 2021-жылдын биринчи кварталында Бишкекте өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирген.

Казакбаев белгилегендей, быйыл коронавирус пандемиясынын кесепетинен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү азайып, аны көбөйтүү үчүн тараптар соода жүргүзүү жана товарларды ташуу үчүн эки тарап үчүн оңтойлуу жана өз ара пайдалуу шарттарды түзүүсү зарыл.

Казакбаев Кыргызстандын “ВСП+” макамы бар экенин белгилеп, ал Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө 6 миңден ашык товарды нөлдүк тарифтик ставкалар менен эскпорттоого жол ачарын, ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБдеги мүчөлүгү реэкспорт, экспорт, импорт боюнча кызматташууга мүмкүндүк берерин билдирип, тажик тарапты ушул мүмкүнчүлүктү колдонууга чакырган.

Тажикстандын вице-премьер-министри Тажикстан эрте бышкан айыл чарба азыктарын Кыргызстан аркылуу Казакстан жана Россияга экспорттоого кызыкдар экендигин билдирген. Гүлмахмадзода тиешелүү министрликтердин ортосунда мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Дүйнөлүк климат фондунун алкагында биргелешкен долбоорлорду алып чыгуу боюнча сунуштарын айткан.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча эки мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн талкуулашкан. Сүйлөшүү учурунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелерин кыска мөөнөттө тактоо үчүн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушууларын өткөрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө пикир билдирилген.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы боордоштук мамилелер мындан аркы өнөктөштүктү жана ынак коңшулукту чыңдоо үчүн негиз болуп бере тургандыгына ишеним билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий