• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токио-2020: Жөө күлүк Дарья Маслова марафондук жарышта байгеге илинбей калды

Спорт 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-августта кыргызстандык спортчу, жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио олимпиада оюндарынын марафондук жарышына катышты. Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Маалыматка ылайык, 42 километр 195 метр аралыкка марафондук жарыш Саппоро шаарында өттү. Мелдеште дүйнө жүзүнөн тандалып, Токио олимпиадасына жолдомо алышкан 88 жөө күлүк мөрөй талашты. 21 километр 100 метр жарым марафонду Дарья Маслова 1 саат 15 мүнөт 27 секунда чуркап, топ башындагы жөө күлүктөрдөн калышпай жүгүрдү. Ал эми калган аралыкта ортоңку топто жүрдү.

Ошентип Азия жана Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 27 секундда чуркап өтүп, марага 36-болуп келди. Бул марафондук жарышта 27 жаштагы кениялык Перес Депчирчир марага биринчи келип, Токио олимпиадасынын чемпиону аталды. Ал бул аралыкты 2 саат 27 мүнөт 20 секундда чуркап өттү. Перес Депчирчир жарым марафондук жарышта дүйнө чемпиону да болгон. Экинчи орунду дагы кениялынк Бриджит Косгей ээлеп, марага 2 саат 27 мүнөт 36 секундда келип, күмүш байгелүү болду. Коло байгенин ээси АКШнын өкүлү Молли Зайдель болуп, ал марага 2 саат 27 мүнөт 46 секундда келди. Марафонго катышкан 88 жөө күлүктүн 73ү гана марага жетти. Калган 15 спортчу ара жолдон калып калышты.

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Азия чемпиону Маслова Дарья Владимировна 1995-жылы 6-майда Каракол шаарында туулган. Ал жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери. 2014-жылдын уландар арасында Тайбэй шаарында өткөн Азия Чемпионатында 3000 жана 5000 метр аралыктагы жарыштарда марага биринчи келип, 2 алтын тагынган. 2015-жылдын чондор арасында Кытайда өткөн Азия Чемпионатында 3000 метрге жарышта 3- орун ээлеген. 2015-жылдагы Түштүк Кореяда өткөн Универсиада оюндарында 5000 метрге чуркоодо коло байгелүү болгон. 2016-жылы Рио-Де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 10 км аралыктагы жарышта 19- орунга жеткен. 2017-жылдын чоңдор арасында Индияда өткөн Азия Чемпионатында 10 км аралыктагы жарышта 1-орунду ээлеп, Азия чемпиону аталган. 2018-жылы Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы Азия оюндарында 5 жана 10 км аралыктардагы жарышта 1-орунду ээлеп, Азия оюндарынын чемпиону болуп, 2 алтын медаль тагынган.

Устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, маркум Виктор Борисов болсо, олимпиадалык марафонго даярдаган учурдагы машыктыруучусу Татьяна Борисова болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий