• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмокто турак үй өрттөндү – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Токмок шаарынын Саадаева көчөсүндө турак үй өрттөндү.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры болжол менен 100 чарчы метр, сарайынын ичи болжол менен 100 чарчы метр жана үстүндө жыйналган 600 даана түк чөп күйдү.

“Өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 20:15те түшүп, өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. Саат 01:35те өрт толук өчүрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий