• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Баткенде контрабандалык жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Баткенде контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында тийиштүү ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

2021-жылдын 24-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, издөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, Баткен районунун Кара-Бак айылында жайгашкан кампада тергөө иш-аракеттери жүргүзүлдү.

Тергөө иштерин жүргүзүү учурунда кампанын ээси аталган А.А. таандык 212 мүшөк жем, 149 мүшөк арпа, 126 кап буудай жана 77 мүшөк жүгөрү табылып алынды.

Ошол эле учурда, кампаны тинтүү иштеринин жүрүшүндө, ошол эле айылдын тургуну Б.С. таандык 40 тоннага жакын жем, 128 кап селитра жана 158 кап минералдык жер семирткичтер табылган.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий