• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулда дээрлик 1 кг гашиш сатуу учурунда эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 834 грамм гашишти сатуу учурунда эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Жалал-Абад облусунда Куба аттуу жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“18-мартта Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылында А.К. жана К.И. аттуу жарандар өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууда кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 65 брикет табылып алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган баңгизаттын жалпы салмагы 834 граммды түзгөн. Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренесинин 282-бөлүгүндө (“Баңгикаражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.

Кармалгандар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий