• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө бир жумадан бери изделип жаткан кытайлык студенттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө бир жумадан бери изделип жаткан кытайлык студенттин сөөгү Каракол капчыгайында суудан табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Сай Тун Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган.

Ушул эле күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Укук коргоо органдары тарабынан издөө ишине көмөктөшүү тууралуу кат түрүндө кайрылуу түшкөн. Анын негизинде аталган кытай жаранын издөө иши ӨКМдин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жүрдү.

"25-августта саат 15:59да Каракол шаардык ӨКБнө жарандан Каракол капчыгайында суунун ичинде адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, кытайлык студенттин сөөгү суудан чыгарылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий