• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө чачын шампунь менен жууган кызга 10 миң сом айып салынат

Аймак 0


Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө чачын шампунь менен жууган кызга 10 миң сом айып салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустун экологиялык инспекциясынан билдиришти.

Социалдык тармактарда кыздын көлдө чачын шампунь менен жууп жаткан видеосу тараган. Видео күбөлөр тарабынан тартылган.

Ведомстводон билдиришкендей, кыздын өздүгүн тактоо үчүн мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар облустук милицияга жөнөтүлдү.

«Мыйзамга ылайык, кыз 10 миң сомдук административдик айыпка тартылат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий