• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ысык-Көлдүн Токтоян айылындагы мектептин курулушу аяктады жана окуу процесси үчүн даяр

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Токтоян айылындагы Ашырбай Коенкозов атындагы мектептин курулушу аяктады жана окуу процесси үчүн даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулуш иштери 2014-жылы башталган.

Долбоор боюнча жаңы мектеп 2 кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана өткөөл галереядан турат. Жалпы аянты 1413,9 чарчы метрди түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучу орунга эсептелген.

Бүгүнкү күндө объекттин курулушу толугу менен аягына чыкты жана жаңы окуу жылы окуучуларды кабыл алууга даяр.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 49 млн 400 миң 900 сомду түзөт. Быйылкы жылы бүткөрүү иштери үчүн 21 млн 400 миң 897 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий