• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ысык-Көлдө жолдордун жана көчөлөрдүн абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жергиликтүү тургундары менен келген коноктордун ыңгайлуулугу үчүн “2018-жылдын туристик сезонуна” даярдануу жана аны өткөрүү максатында, Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жолдордун жана көчөлөрдүн абалы текшерилип чыгып, Каракол шаардык мэриясына жана жолдорду тейлөө ишканаларына көрсөтмө берилди. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтмөнүн негизинде Каракол шаарынын муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаар ичинде жолдорго чийин белгилерин түшүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле, жогоруда аталган иш "Балыкчы-Ананьево-Каракол" жана "Григорьевка-Кашка-Суу" унаа жолдорунда дагы жол тейлөө ишканаларынын жумушчулары тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий