• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбекстанда жакында эле жарык дүйнөгө келген сиам эгиздери чарчап калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд облустук балдардын көп тармактуу медициналык борборунда бүгүн, 6-июлда сиам эгиздери чарчап калды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки баштуу ымыркай Самарканд облусунун перинаталдык борборунда кесарева жолу менен төрөлгөн. Ымыркайдын эки колу, эки буту, бир жүрөгү, төрт бөйрөгү болгон. Анын салмагы - 4,6 килограмм, бою - 48 сантиметр.

29-июнда сиам эгиздеринин абалы начарлап, Самарканд облустук балдардын көп тармактуу медициналык борборуна которулган.

“Реанимациялык процедураларга карабастан наристе демигип, жүрөк кемтигинен жана башка тубаса оорусунан улам чарчап калды”, - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, баланын ата-энеси наристенин патологиясы туурасында билип, түйүлдүктү сактап калууну чечишкен. Бирок, бала жарык дүйнөгө келгенде ата-энеси андан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий