• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында "Кан басымыңды бил!" акциясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарда, калкты тейлөө борборунда “Кан басымыңды бил!” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери тарабынан өткөрүлүп жатат.

Иш-чара калк арасында артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу менен оорунун татаалдашына алып келүүчү башка коркунучтар тууралуу маалымат берүү болуп саналат.

"Ушул тапта Жалал-Абад шаарындагы №2 жана № 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистерине 500гө жакын жаран кайрылып, кан басымын текшертти. Аны менен катар дарыгерлер тарабынан кайрылган адамдарга акысыз медициналык кеңештер берилди", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий