• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында шамал жатакананын чатырын учуруп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.21./Кабар/. Жалал-Абад шаарында шамал жатакананын чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмты билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-май күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарында катуу шамалдын (ылдамдыгы такталууда) кесепетинен Курманбек көчөсүндө жайгашкан жатакананын чатыры учкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, чатырдын калдыктарын коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий