• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда чиркөөдө террордук чабуул жасоого аракет кылган өспүрүмдөр кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Жалал-Абадда чиркөөдө террордук чабуул жасоого аракет кылган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, кармалган Р.М.Р. жана У.М.Т. аттуу 16 жаштагы эки өспүрүм “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү болуп саналат.

"Бул балдар аралыктан интернет аркылуу “ИМ-ВХ” ЭТУнун катарына кошулуп, чет элдик ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан, ошондой эле Жалал-Абаддагы Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан", - деп айтылат маалыматта.

Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун төгүндөлгүс далилдери, ЭТУнун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле “ИМ-ВХ” ЭТУнун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.

Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө (Террордук акт) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53-жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилип, алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий