• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда "Ден соолугум - менин укугум" аталышындагы массалык чуркоо өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал- Абад шаарында "Ден соолугум-менин укугум" аталышындагы массалык чуркоо өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар Каныбек Маманов жана Тынчтыкбек Саматов, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Марафондо Түмөнбай Байзаков проспектисиндеги Сот адилеттик үйүнөн Эркиндик аянтына чейинки 1,5 чакырым аралыкка 500 дөн ашуун адам чуркады.

Жыйынтыгында активдүү катышкан мекемелер уюштуруучулар тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланды.

Иш-чаранын алкагында медициналык кызматкерлер тарабынан кан басым жана кандагы кантты өлчөө акысыз жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган марафон 7 - апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Жалал-Абад шаардык мэриясы, Жалал- Абад облустук үй бүлөлүк медицина борбору, "Улуттук Кызыл Ай" коомдук бирикмесинин Жалал- Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий