• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУда Кытайдын белгилүү дизайнери Фань Яньянь менен биргелешкен долбоорлор ишке ашат

Аймак 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Кытай жибек искусствосунун дизайнери, “Фан Яньянь” брендинин негиздөөчүсү, белгилүү арт-дизайнер Фань Яньянь баштаган делегация Ош мамлекеттик университетине келди.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, делегациянын курамында белгилүү дизайнерлер Ли Фэн, Гун Чэн, режиссер, жазуучу Чжоу Синь, Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун директору Гүлзат Исаматова, аталган университеттин ага окутуучусу Мейизкан Кадырова да бар.

Коноктор алгач окуу жайдын кыргыз-кытай, искусство факультеттери менен таанышты. ОшМУнун башкы имаратында искусство факультетинин окутуучулук курамынын сүрөт, декоративдик колдонмо өнөр көргөзмөлөрүнө күбө болушту. Андан сырткары, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери, исскуство факультетинин окутуучулары менен расмий жолугушту.

Жолугушууда Фань Яньянь ОшМУнун ректорунун окуу жайга болгон чакыруусуна ыраазычылык билдирип, ОшМУ менен биргеликте Кыргызстан менен Кытай мамлекеттерин бириктирген искусство, маданият жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, адистердин тажрыйба алмашуусу жаатында кызматташууларга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кытай жана Орто Азия мамлекеттеринин кол өнөрчүлөрүнүн ассоциациясын түзүү, Жибек Жолу устаканасын ачуу долбоорлору боюнча сөз болду. Окуу жайдын ректору ОшМУнун 4-муундагы университетке багыт алуусунда мындай байланыштардын орду чоң экендигин белгиледи.

Коноктор үчүн маданий иш-чара уюштурулуп, анда кыргыз улуттук костюмдарынын, стилдештирилген заманбап костюмдардын коллекциясы боюнча мода көргөзмөсү болду. Күндүн экинчи бөлүгүндө коноктор ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи жана окуу-өндүрүштүк комплекси менен таанышты.

Кытай жибек искусствосунун дизайнери Фан Яньянь Кытайдын маданиятын жана Улуу Жибек Жолун чагылдырган биринчи сүрөтчү. 2023-жылдын май айында “Фан Яньянь искусство борбору” Сиань шаарында өткөн Борбордук Азия саммитинде Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен жолугушкан. Фан Яньяньдын жибек сериясы Борбордук Азия саммитинин расмий VIP белеги катары тандалган.

Ушул жылдын февраль айында кыргыз делегациясынын Кытайга болгон иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Шэньси провинциясынын аялдар федерациясынын төрагасы Ли Цин жана арт-дизайнер Фан Яньянь менен жолугушкан. Анда тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө катышуусун талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий