• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда Нооруз күнү коомдук тартипти миңден ашуун милиция көзөмөлдөйт

Аймак 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда Нооруз майрамында коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган кызматкерлерге саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда милиция кызматкерлеринин жанында алып жүрүүчү каражаттары текшерүүгө алынды. Ошондой эле ОИИБдин жетекчилиги тарабынан майрам күнү ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөө зарылдыгы белгиленди.

Саптык кароонун соңунда кызматкерлерге майрам күнү көзөмөлдөөчү көчөлөр, коомдук жайлар жеткирилди.

Эске салсак, 21-мартта Жалал-Абад облусунун аймагындагы коомдук тартипти 1000ден ашуун кызматкер көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий