• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда “Зордук-зомбулуксуз жаркын жашоо” аталышындагы тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы “Үй-бүлө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунда “Зордук-зомбулуксуз жаркын жашоо” аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Тунугай Курбанова, аталган борбордун жетекчиси Нурбек Айсариев, Жалал-Абад ШИИБдин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын инспектору Самара Кадырова, шаардагы мектептердин мугалимдери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Тегерек столдо үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, нике күбөлүгү жоктор, мектеп формасы жана башка бир топ маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий