• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык талкуулоодо

Коом 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн орун басары Алмазбек Абытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маселени жабык талкуулоону сунуштады. Ал билдиргендей, улуттук коопсуздукка тиешелүү бир нече маселелер бар.

Буга байланыштуу Дастан Жумабеков өкмөттүн өкүлүнүн суранычын добушка коюп, 75 депутат сунушту колдоду.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал жабык каралып, депутаттардын суроолоруна мамлекеттик чек ара кызматынын, ички иштер министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү жооп берүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-мартта Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салган.

Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапкан. Кыргызстан менен Тажикстандын эки жүзгө жакын жашоочулары бири-бирине таш ыргытышкан. Тараптардын ортосундагы чырды токтотуу максатында кыргыз жана тажик чек арачылары асманга ок чыгарууга мажбур болушкан.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байналыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий