• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеште бир катар министрлер ант беришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү жогорку трибунадан ант беришти.

Мамлекет башчынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатын министри Алтынбек Максутов.

Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралат.

Пикир

Оставить комментарий