• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку сот коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди актады

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бүгүн Жогорку сот тарабынан Т.Өмүралиев, Ж.Капаров, К.Абдрасулов, М.Базарбаев, Н.Дүйшеналиев, О.Дүйшекеев, А.Маптисаков, К.Мурзабеков, К.Насиров, К.Орозматов жана Э.Элемановдорго карата козголгон кылмыш иши каралды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку соттун 2021-жылы 26-апрелиндеги чечими менен Бишкек шаардык сотунун 2021-жылы 10-марттагы Т.Өмүралиев жана башкаларга карата аныктамасы жана өкүмү жокко чыгарылды. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2020-жылы 15-октябрдагы Т.Өмүралиев жана башкаларга карата чыгарган өкүмү күчүндө калтырылды.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Биринчи май райондук соту Т.Өмүралиев жана башкаларды “Жал” кичирайонунда аскерлерге батир бөлуштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп тапкан.

Анда Өмүралиев 5 млн сомго айыпка жагалып, генерал-майор наамынан ажыратылган. Кийин 2018-жылы Бишкек шаардык соту анын генерал-майор наамын кайтарып берип, бирок айыпты калтырган. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жогорку сот ишти кайра кароого жөнөткөн. 2021-жылы 10-мартта Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана оор кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылы 13-октябрдагы өкүмүн жокко чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий