• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербестен алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 16.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчусу Айсулуу Тыныбекова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Аталган мелдеш Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында түз эфир аркылуу көрсөтүлүүдө.

Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта катышты. Алгач ал индиялык Сонам Сонам менен килем үстүнө чыкмак, бирок индиялык спортчу күрөшпөй турганын билдирген. Андан кийин мекендешибиз казакстандык Ирина Кузнецованы 11:1, кореялык Юнг Жин Квонду 10:0 ири эсепте жеңди.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу өзбекстандык Рушана Абдурасулованы 8:2 эсепте артта калтырып, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө Айсулуу Тыныбекова Монголиядан келген Болортуя Хурелхуну 11:0 эсебинде утту.

Аталган чемпионатта кыз-келиндер арасында Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш жана Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль утуп алган.

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчулары Азия чемпионатында 8 медаль багындырышкан.

Ал эми эркин күрөш боюнча курама команданын балбандары күч сынашууда.

Пикир

Оставить комментарий