• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Алматыдагы музейде “Жаңы толкун” кыргыз чыгармачыл тобунун көргөзмөсү ачылат

Маданият 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. 26-апрелде Алматыдагы А.Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинде кыргыздын белгилүү живописчилери жана скульпторлорунун эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу көргөзмөнүзн куратору, искусство таануучу, “Эмен паркы” көргөзмө залынын арт-директору Чолпон Тентиева билдирди.

Көргөзмөгө 110дон ашык эмгек коюлат: живопись, коллаждар, скульптура.

Көргөзмөдө топтун активдүү катышуучулары – Жылкычы Жакыпов, Юристанбек Шыгаев, Талант Огобаев, Эркин Салиев, Талгат Асранкулов, Нарын Турпанова, Евгения Бойкова, Сансыза Мирзираимова, Арстанбек шаршекеев, Марат Огобаев жана Аскар Турумбековдор өздөрүнүн эмгектерин көрсөтүшөт.

“Бүгүн “Жаңы толкун” кыймылы Кыргызстанда жана Борбордук Азияда искусствонун көрүнүшүнө өзүнүн таасирин тийгизди деп айтсак болот”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий