• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Арча-Бешик конушунда күйүүчү майлар мыйзамсыз сатылган түйүн аныкталды (сүрөт, видео)

Коом 0


Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Арча-Бешик конушунда күйүүчү майлар мыйзамсыз сатылган түйүн аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти.

Каржы полициясынан билдиришкендей, ал жакта "АИ-95" бензини жана дизелдик май сатылып жаткан. Жалпы ал жерде 2 тоннадан ашык май аныкталган.

"Күйүүчү майдын мыйзамсыз сатылышы боюнча маалыматы бар адамдарды Бишкек шаары, Манас проспекти №101/1 дареги боюнча же (0312) 323 091, 323 707 номерлери аркылуу кайрылууларын өтүнөбүз", - деп билдирет Каржы полициясы.

Пикир

Оставить комментарий