• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Азия чемпионаты – 2024: Раззак Бейшекеев күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Спортчу 67 кг чейинки салмак ченинде мелдештерин 1/8 финалдык баскычынан баштап, катары менен 3-жолу жеңишке жетти. Монголия, Казакстан жана Түштүк Кореялык балбандарды утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын үчүн беттешин ирандык Эсмаели Лейвеси аттуу спортчу менен өткөрүп, натыйжада 1:3 эсебинде жеңилип, 2-орунду камсыздай алды.

Белгилей кетсек, бүгүн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнү. Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргоодо:

- 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финадык баскычтан баштап, биринчи орунду камсыздап, үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.
- 67 кг чейинки салмакта Раззак Бейшекеев 1/8 финалдан баштап, күмүш байге ээси болду.
- 72 кг чейинки салмакта Адылхан Нурланбеков 1/8 финалдан баштайт;
- 82 кг чейинки салмакта Бекзат Орункул уулу 1/4 финалдан баштайт;
- 97 кг чейинки салмакта Бексултан Махмудов 1/4 финалдан баштайт.

Мелдештер Бишкектеги шаардык "Бишкек Арена" муз аянтчасында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий