• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Азия чемпионаты (U-17 жана U-23). Кыргызстандын курама командасы 30 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында (U-17 жана U-23) Азия чемпионаты аяктады.

Ошентип, Кыргызстандын курама командалары 30 медаль жеңишти, анын ичинен 10у алтын, 12си күмүш жана 8и коло.

U-17 жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Грек-рим күрөшү:
- Марлен Абдысаматов (45 кг чейин) – алтын медаль;
- Сабит Шамшединов (60 кг чейин) – алтын медаль;
- Мирсаид Юнусов (65 кг чейин) – алтын медаль;
- Ырыскелди Хамзаев (71 кг чейин) – алтын медаль;
- Ырысбек Хамдамов 51 кг чейин) – күмүш медаль;
- Муслим Мамыров (80 кг чейин) – коло медаль;
- Таласбек Бообеков (110 кг чейин ) – коло медаль.

Эркин күрөш:
- Өмүрбек Асан уулу (60 кг чейин) – алтын медаль;
- Рустамжан Кахаров (65 кг чейин) – күмүш медаль.

Кыз-келиндер күрөшү:
- Алтынай Чыныбаева (57 кг чейин) – күмүш медаль;
- Асема Торогелдиева (46 кг чейин) – коло медаль;
- Азиза Шумкарова (53 кг чейин) – коло медаль;
- Элина Бакытова (69 кг чейин) – коло медаль.

U-23 жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Греко-рим күрөшү:
- Улан Муратбек уулу (55 кг чейин) – алтын медаль;
- Раззак Бейшекеев (67 кг чейин) – алтын медаль;
- Асан Жанышов (82 кг чейин) – алтын медаль;
- Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг чейин) – күмүш медаль;
- Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) – күмүш медаль;
- Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг чейин) – күмүш медаль;
- Нурманбет Раймалы уулу (97 кг чейин) – күмүш медаль;
- Жеңиш Жумабеков (87 кг чейин) – күмүш медаль.

Эркин күрөш:
- Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) – алтын медаль;
- Орозобек Токтомамбетов (70 кг чейин) – алтын медаль;
- Аден Сакыбыев (65 кг чейин) – күмүш медаль;
- Стамбул Жаныбек уулу (92 кг чейин) – күмүш медаль;
- Каныбек Абдулхаиров (97 кг чейин) – күмүш медаль;
- Адилет Жапаркулов (74 кг чейин) – коло медаль;
- Мухаммад Абдуллаев (86 кг чейин) – коло медаль;

Кыз-келиндер күрөшү:
- Кайыркул Шаршебаева (76 кг чейин) – күмүш медаль;
- Нурзат Нуртаева (68 кг чейин) – коло медаль.

Эске салсак, 10-18-июнь аралыгында Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өттү.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру болмокчу. 17 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты 31-июлдан 6-августка чейин Стамбулда, ал эми 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилиги 23-29-октябрда Финляндиянын Тампере шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий