• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия оюндары: КРдин байге куржунунда 70 медаль бар, анын 13ө алтын

Спорт 0

Бишкек, 27.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Азыркы тапта Азия оюндарында Кыргызстан курама командасы 70 медаль: 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль алды. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында айтылат.

Медаль алган өлкөлөрдүн катарында учурда Кыргызстан 8-орунга көтөрүлдү.

Кыргызстанга алтын алып келген спортчулар: Авазбек Аманбеков (57 кг чейин) Мээрим Момунова (60 кг чейин), Мамарасул кызы Алтынай (75 кг чейин), Бактияр кызы Нурзат (70 кг чейин), Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 кг чейин) алыш күрөш, Раимкул уулу Бекназар (74 кг чейин) самбо жана Абдурахманхаджи Муртазалиев (85 кг) чейин джиу-джитсу боюнча.

Самбо боюнча Ызатбек Ратбеков, Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей, бий спортчу боюнча Калы Сулайманов (59 кг чейин) грек-рим күрөшү боюнча Асылбек уулу Жамалбек (82 кг чейин) Жаныбек Аматов (90кг чейин), Райымкул уулу Бекназар (74 кг чейин).

Кыргызстандан Азия оюндарына 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча мелдешүүдө: жеңил атлетика, сууда сүзүү, спорттук күрөш, баскетбол 3х3, бел боо күрөш, бильярд спорту, шахмат, спорттук бийлер, ат оюндары, конкур, футзал, джиу-джитсу, кикбоксинг, казак кураш, тай боксу, самбо, таэквондо, түркмөн улуттук күрөшү.

Оюндар бүгүн, 27-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий