• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Оперативдүү бажысынын жана “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа айылында Т.у.Н. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Audi C4 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны кароодо 113 миң даана санда КР акциздик маркасы жок ESSE CHANGE соода маркасындагы фильтирсиз тамекилер – товарлар табылган. Тамекилер чектеш өлкөдөн ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен ташылып келген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Пикир

Оставить комментарий