• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 20 миңден ашуун бала мектеп босогосун аттады

Билим 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жалпы 20 миңден ашуун бала мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы бардык мектептерде Билим күнүнө жана 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйындар өттү.

Алгачкы сабак бардык мектептерде “Тегибизди унутпай, дүйнөгө ачык бололу: Кыргыз жараны – өлкөнүн келечеги” деген темада өттү.

Белгилей кетсек, Бишкектин билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан, 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан жана 6 мектептен тышкаркы уюмдардан турат. Жыл сайын окуучулардын, орто эсеп менен 8589 баланын санынын динамикалык өсүшү байкалууда, бул төрөлүүнүн жана ички миграциянын өсүшү менен байланыштуу.

Шаардык муниципалитеттин билим берүү департаменти окуу процессинин бардык катышуучуларын Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий