• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 99 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 5нен 11-мартка чейинки аралыкта 6 миң 866 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу – 99,

- автоунааны атайын караңгылатуу – 15,

- айдоочуга жана унаага тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 103,

- башка жол эрежелерин бузуу – 6649.

Ошондой эле 499 автоунаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий