• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 22.01.23. /Кабар/. Кечээ, 21-январь Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен билдиришти.

Чемпионатка өлкөнүн бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген балбандар катышууда. Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 кг салмак категорияда 87 балбан күч сынашты.

Мындан сырткары, чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Тазабек Икрамов жана Фарходбек Алимжанов, Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

55 кг

1-орун – Сардарбек Конушбаев;

2-орун – Улан Муратбек уулу;

3-орун – Нурболот Бердикулов;

3-орун – Таалайбек Бейшенбек уулу.

63 кг

1-орун – Сыймык Махмудов;

2-орун – Дастан Кадыров;

3-орун – Баяман Каримов;

3-орун – Бекназар Бактыбек уулу.

72 кг

1-орун – Нуржигит Кеңешбек уулу;

2-орун – Адилхан Нурланбеков;

3-орун – Абдулазиз Нурланбеков;

3-орун – Хабубулло Тынчтык уулу.

82 кг

1-орун – Акылбек Талантбеков;

2-орун – Асан Жанышов;

3-орун – Бексултан Назарбеков;

3-орун – Темирлан Бектурдиев.

97 кг

1-орун – Нурмамбет Раймалы уулу;

2-орун – Артык Орозбеков;

3-орун – Бекжан Жумабеков;

3-орун – Дастан Иманбердиев.

Пикир

Оставить комментарий