• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-августта Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, алдын ала маалымат боюнча бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт Октябрь районуна караштуу 3-кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин экинчи кабатында жарылуудан улам чыккан.

"Өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн 1 адам каза болгон, ал эми жабыркагандар такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий