• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте көпүрөнүн астында бомба бар деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бишкекте көпүрөнүн астында бомба бар деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-майда саат 00:15тер чамасында “102” кызматына Бишкектеги көпүрөлөрдүн биринин астына жардыруучу зат (бомба) коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында 43 жаштагы Щ.В.В. аттуу мас абалындагы жаран кармалган. Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (“Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү”) боюнча катталган.

Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул сыяктуу атайылап жалган маалымат тараткандар айып салуу түрүндөгү жоопкерчиликке тартылат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий