• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте Кыргыз-Япон колледжин түзүүнүн келечеги талкууланды

Билим 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Япониянын Иватани Гакуэн (Iwatani Gakuen) колледжинин төрагасы Дайсуке Иватани башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар студенттерге жапон тилин үйрөтүү боюнча кызматташуунун багыттарын, билим берүү ресурстарын колдонууну жана Кыргыз-Япон колледжин түзүүнүн келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий