• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте суу берүү толугу менен калыбына келтирилди – мэрия

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкекте суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкексууканалдын" командасы "Көк-Жар" суу алгычында эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күн ичинде бүткөрдү.

"Ошентип, резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат", -деп айтылат маалыматта .

Мэриядан белгилешкендей, аткарылган иштердин жыйынтыгында бүгүн, 12-июлда эртең менен шаардын бардык аймагына, анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштады.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия 11-июль саат 08:00дөн 13-июль саат 08:00гө чейин Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөрүн маалымдаган.

Суу берүү алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу “Көк-Жар” суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий