• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ырчы Зеренин дарегине коркутуулар болууда. Милиция билдирүүлөрдү текшерет

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери ырчы Зере Асылбектин дарегине болгон коркутуулар тууралуу билдирүүлөрдү текшерет. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек ШИИБнин тергөө кызматына жөнөтүлөт.

Эске сала кетсек, жакында эле Зере “Кыз” аттуу ырына тартылган видеону жарыялаган. Бул көптөгөн соцтармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратты.

Бүгүн белгисиз бирөөлөр Зеренин дарегине жеке кат жөнөтүшүп, коркутуп, "Кыз" аталыштагы клипти өчүрүүнү айтышкан. Ал жеке баракчасына жазылган каттардын сүрөтүн өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий