• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда угуусу начар спортчулар арасында кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештин ачылуу аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов жана Сурдлимпиада оюндары боюнча федерациянын президенти Арам Акопян катышты.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын курама командалары катышууда. Оюндар эртең, 16-ноябрга чейин уланат.

Белгилей келсек аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий