• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти делген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-августта болжол менен саат 21:20да белгисиз айдоочу унаасы менен Жибек-Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 46 жаштагы Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, шектүү катары Kia Ceed унаасынын 34 жаштагы К.Т. аттуу айдоочусу кармалган.

Шектүү тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий