• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектеги жарылуунун чоо-жайы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Бишкектеги Лев Толстой-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын кир жуучу цехиндеги суу ысыткан 40 тонналык казан меши жарылган.

"Кыргыз темир жолу" Мамлекеттик ишканасынын" башкы инженери Николай Лиличенко билдиргендей, кырсык 3-июнда болжол менен саат 8:45те болгон.

"Жарылуунун себебин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Алар ички иликтөө жүргүзүшөт. Жерине тиешелүү кызматтын кызматкерлери барып, карап чыгышкан", - деп билдирди Лиличенко.

Анын айтуусунда, жарылуунун кесепетинен кароолчу жана жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын үч кызматкери жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий