• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйылкы жылы дипломдук ишти жактоо онлайн түрдө өтүшү мүмкүн

Билим 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Быйылкы жылы дипломдук ишти жактоо онлайн түрдө өтүшү мүмкүн. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Ал, учурдагы кырдаалга байланыштуу жогорку окуу жайларда окутуу дистанттык түрдө, AVN программасы аркылуу ишке ашырыларын билдирди.

"2011-жылдан бери жогорку окуу жайларда AVN программасы ишке ашырыла баштаган – автоматташтырылган билим берүү процесси. Бир катар алдыңкы университеттерибиз аны дистанттык, сырттан окутууда колдонуп келген. Бирок бүгүнкү күнү күндүзгү жана кечки бөлүмдө окуган балдарга AVN программасынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, сабак берүү милдети турат. Буга бир топ окуу жайларыбыз даяр деп айтса болот", - деди ал.

Анын айтымында, азыркы кырдаал ушул бойдон кала берсе жайкы сессия онлайн түрдө өткөрүлөт.

"Дипломдук иштерди онлайн түрдө жактоо боюнча иш алып барып жатабыз", - деп ал, окуу жайлар бул боюнча тиешелүү камылгаларын көрүшү керектигин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий