• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда бир аптанын ичинде 3,5 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24нөн 30-январга чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында 3 миң 618 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында 52 айдоочу рулга отурган;

- 1 миң 256 айдоочу автоунааны жогорку ылдамдыкта башкарган;

- 36 айдоочунун жанында тиешелүү документи жок болгон. 132 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий