• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө тыюу салынган “Йакын Инкар" агымынын мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Чүй облусунда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Йакын Инкар" диний экстремстик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы диний экстремисттик уюмдун 50дөн ашык мүчөсү аныкталып, алардын лидери катары иш жүргүзүп келген 1970-жылы туулган К. Н. аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин да "Йакын Инкар" экстремисттик уюмдун мүчөсү катары соттолгондугу ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” агымынын лидери К.Н. аталган агымдын мүчөлөрүн каржылап, окууларды уюштуруп турган. Ошондой эле Москва районунун аймагында жайгашкан бир нече даректерде жатаканаларды уюштуруп, ал жерлерде тыюу салынган агымдын идеологиясын жайылтып жүргөнү аныкталган.

Кармалган жарандардын үйлөрүнө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында бул уюмга тийиштүү ар кандай китептер, баракчалар, флеш-карталар, дептерлер, уюлдук телефондор жана DVD-дисктер алынган. Алынган буюмдар боюнча тишелүү экспертизалар дайындылган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган далил буюмдар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында “Йакын Инкар” экстремисттик агымдын активдүү мүчөсү катары 4 адам кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесиин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизиндеги төмөндөгүлөр кармалды:

- 1970-жылы туулган К.Н., Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” кыймылынын лидери;

- 1981-жылы туулган А.Н., Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү;

- 1966-жылы туулган А.Ж., Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү;

-1992-жылы туулган С.А., Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү;

- 1996-жылы туулган М.У., Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” агымынын активдүү мүчөсү.

Жогорудагы жарандар даават жүргүзүү аркылуу тыюу салынган “Йакын Инкар” уюмунун идеяларын жайылтып, үгүт иштерин жүргүзүп келишкен.

Учурда сот тарабынан Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна камакка алуу чечими каралып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий