• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арачылар аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюшту

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюшту. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

“Мүрзө жергесинде чек арачылар Hyundai-Porter автоунаасы менен өткөрүү жайынан тышкары аймактан мыйзамсыз түрдө 24 000 лампочканы уруксат берүүчү документтери жок Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Д. Б. Аттуу кыргыз жаранын кармашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жүктүн жалпы суммасы 240 000 сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк КР МБКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий